super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Мамлекет үчүн коопсуздук башкы орунда турат"

 

"Мамлекет үчүн коопсуздук башкы орунда турат". Мындай пикирин өкмөт башчы Темир Сариев 27-октябрда радиого маек берип жатып билдирди. Ошондой эле өкмөттүн коопсуздук жана коомдук тартипти сактоодогу аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. 

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Сариев укук коргоо тармагынын ишин жакшыртуу жана жарандардын ишенимин кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Анын алкагында Жол-кайгуул кызматын реформалоо, укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин көтөрүү, жарандар менен тыгыз иш алып баруу, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштер аткарылып жатканын санап өттү.

“Учурдагы өкмөт укук коргоо органдарынын ишиндеги кемчиликтерин жоюу боюнча бардык аракетти көрөт. Анда биз жарандык коом менен тыгыз иш алып барууга даярбыз”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: