super.kg logo
  Саясат  

Быйыл 9 айда "ишенимди жоготту" деген айып менен 4 салыкчы иштен алынганы айтылды

 

Быйыл 9 айда жарандардын арыздануусунан кийин "ишенимди жоготту" деген айып менен 4 салыкчы иштен алынды. Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 28-октябрда билдиргендей, январь-сентябрь айларында мекеме жарандардан түшкөн 132 кайрылууну текшерип, 18 кайрылуу боюнча күнөөлүү тарапка тартиптик жаза колдонулган. Кайрылуулардын жыйынтыгында 4 кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, 5 кызматкер катуу сөгүш алганы, 9 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 32 кызматкерге эскертүү берилгени айтылды.

"Жарандардан келген 132 кайрылуунун 18и боюнча далилдер ырасталып, алар боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынды. Келип түшкөн 18 телефон чалуу боюнча далилдер ырасталган жок, 4 кайрылуу кароодо турат",- деп билдирди мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: