super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: “Эгер тарапташтарым митингге чыгабыз дешсе, макулмун”

 

“Эгер тарапташтарым шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразычылык акцияларына чыгышса, каршы болбойм”. Мындай пикирди бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйында "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, жөнөкөй жарандардын укуктары тебеленип жатса, алар өздөрүн ушундай ыкма менен коргоого муктаж.

Мен эч качан мыйзамсыз иштердин тарапташы болчу эмесмин. Бирок мыйзам талаасында жарандардын жана өзүңдүн партияңдын укуктарын коргоо күндөн-күнгө кыйындап жатса, айласыз көз караштарыңды өзгөртүүгө мажбур болот экенсиң. Тарапташтарым буга чейин “сен акыркы романтиксиң, сен азыркыга чейин бул жашоодо адилеттүүлүк бар деп эсептейсиң” дешчү. Мен эми мурункудай каталарды кетирбейм. Буга чейин тарапташтарымдын катуу чабуулдарын токтотуп турчумун, эми алар укуктарын кандай жол менен коргошот, бул алардын эрки”,- деди Мадумаров.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: