super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" фракциясы депутаттык кол тийбестиктен баш тартат

 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында жаңы иш баштаган "Ата Мекен" фракциясы депутаттык кол тийбестиктен баш тартат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда партиянын маалымат кызматынан билдиришти. Бүгүн ушундай эле чечимди КСДП фракциясы да кабыл алды. КСДПнын мүчөлөрү кол тийбестик менен катар кызматтык унаадан да баш тартышарын билдиришти. 

Бул маселеде башка фракциялардын так позициясы азырынча белгисиз. Шайлоого чейин партиялардын дээрлик көбү кызматтык унаа, батир жана кол тийбестиктен баш тартууга даяр экенин билдирип келишкен. "Республика - Ата Журт" партиясы мындай идеяны башкы ураандарынын бири катары колдонгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: