super.kg logo
  Саясат  

Ишкердик жүргүзүү боюнча дүйнөлүк рейтингде кыргыз өлкөсү 35 орунга көтөрүлүп, 67-орунду ээледи

 

Дүйнөлүк банктын "Ишкердик жүргүзүү-2016" рейтингинде кыргыз өлкөсү 35 орунга көтөрүлүп, 67-орунду ээледи. Буга чейин Кыргыз Республикасы 102-орунда эле. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы 28-октябрда билдирди.

Дүйнөлүк банк 13 жылдан бери 189 мамлекеттеги ишкердик жүргүзүүгө түзүлгөн шарттарды салыштырып, алардын рейтингин түзүп келет. Анда ишкердикти жүргүзүүгө көмөктөшүүчү же тоскоол болчу нормалар, салык салуу, инвесторлордун укуктарын коргоо текшерилет. Он жылдан бери рейтингдин сап башында Сингапур мамлекети турат. Андан сырткары ондукка быйыл Жаңы Зеландия, Дания, Түштүк Корея, Гонконг, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Норвегия жана Финляндия кирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: