Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды
Бүгүн, 29-октябрда таңкы саат 06:56да кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды. ӨКМнын маалымат кызматы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен жер титирөө очогунда 3 баллга жеткенин кабарлады. Маалым болгондой, жер титирөө Өзбекстандын чек арага жакын Иордан деген айылынан 2-3 чакырым түштүк-чыгышты, Шахимардан айылынан 8 чакырым түштүк-батышты, ал эми Баткен облусундагы Кара-Шоро айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты көздөй жайгашкан. Кара-Шоро айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жоготуулар катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.