super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте аукциондо B 7777 BB деген автоунаа номуру 2 миллион сомго сатылды

 

Мамлекеттик каттоо кызматында 27-октябрь күнү өткөрүлгөн аукциондо B 7777 BB комбинациясындагы номур 2 миллион сомго сатылды. Бул тууралуу аталган аукционго катышкан Жеңиш Токоев интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Ал унаалар үчүн "крутой" номурлардын аукционунда Бишкек номурлары: В 0001 ВВ комбинациясы - 450 000 сом, B 0007 BB - 220 000 cом жана B 9000 BB 90 миң сомго сатылганын жазган. Ал эми B 7777 BB өзгөчө комбинациядагы номур 2 миллион сомго сатылганы боюнча билдирген.

Бул боюнча SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:

"Унаалардын өзгөчө комбинациядагы номурлары боюнча өткөн аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги №205-токтому менен бекитилген «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номурдук белгилерин сатуу» жөнүндө жобосунун негизинде өткөрүлдү. Аукционго 217 жаран катышууга каалоосун билдиришип, ага ылайык, 104 өзгөчө комбинациядагы номурларга билдирмелер келип түшкөн. Соодалашуунун негизинде алардын ичинен 66сы 6 739 500 сомго сатылган".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: