super.kg logo
  Саясат  

Президентке Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондугу боюнча маалымат берилди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр өлкө башчыга Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондугу тууралуу маалымат берди.

"2015-жылдын 28-октябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 42-пленардык жыйынында 195 өлкөнүн өкүлдөрү добуш беришип, мамлекетибиз 147 добушка ээ болгон. Биздин өлкө кийинки жылдын 1-январынан тартып мүчө боло алат",- деди министр.

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы адам укуктары негизги баалуулук катары саналган мамлекет болуш үчүн татаал жолду басып өткөнүн белгиледи.

Президент кыргыз өлкөсүнө ишеним көрсөткөн бардык мамлекеттерге ыраазычылыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: