super.kg logo

Улуттук филармонияда Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө

 

Бүгүн, 29-октябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө. Иш-чараны маданият министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтов ачып берди. Андан соң мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов окуп берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева: “Бир жылдан бери кыргыз элинде, кыргыз жеринде акындын 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келди. Анын алкагында китептер чыгарылып, мектептерде сынактар өткөрүлүп турду. Мекенибиздин ар бир жараны акындын ырларын окуп, ага арнап ыр жазып, айрымдары акчалай колдоо көрсөтүп жатышты. Уюштуруу комитети тарабынан пландалган иштердин көпчүлүгү аткарылды. Чолпон-Атада А.Осмоновун айкели ачылганы турат. Чүй облусунун, Маданият министрлигинин, президенттин көмөгү менен бир топ иштер аткарылып, натыйжалуу болду”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: