КСДП жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери коалициялык көпчүлүк түзүүнү сүйлөшүүдө Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмү боюнча бир пикирге келишти
Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк түзүү боюнча "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен сүйлөшүү жүргүздү.
Турсунбековдун билдиришинче, жолугушуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмү, курамы боюнча бир пикирге келишти. "Кыргызстан" парламенттик фракциясы менен негизги маселелер боюнча пикир келишпестиктер болгон жок, аталган фракция коалициялык көпчүлүккө кирүүгө кызыкдар экенин билдирди",- деп кошумчалады Турсунбеков.
Мындай сүйлөшүүлөр эртең башка фракциялардын лидерлери менен дагы уланат.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзүү мандатын КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго тапшырган.


