super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

 

Дүйшɵмбү шаарына КМШ өкмɵт башчыларынын кеңешине катышуу үчүн барган премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев 29-октябрда Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушту. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндɵ тараптар ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташууну ɵнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Кохир Расулзода Темир Сариевди парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү ɵтүшү менен куттуктады. “Биз дүйнөлүк коомчулук менен катар Кыргыз Республикасында алгачкы ирет биометрикалык маалыматтын негизинде өткөн шайлоого көз салып турдук. Сиздерди таза жана айкын шайлоонун өтүшү менен куттуктоого уруксат этиңиз. Учурда дүйнөлүк коомчулук экономикалык каатчылыкты баштан өткөрүүдө. Буга карабастан, биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жааттагы кызматташуунун өнүгүүсү уланууда”,- деп белгиледи Расулзода.

Темир Сариев эки ɵлкɵнүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы байланыштарды активдештирүү тууралуу сөз сүйлөдү. “Негизги милдет – Кыргыз Республикасы жана Тажикстан ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн сактоо менен тийиштүү деңгээлге жеткирүү. Учурда эки мамлекет аралык товар жүгүртүүнү жогорулатууга шарт түзгөн келишимдер активдүү иштелүүдө”,- деп белгиледи Сариев.

Ошондой эле Сариев алдыда ɵтүүчү КМШ өкмɵт башчылар кеңешинин алкагында КМШ деңгээлиндеги келечек кызматташууну кеңейтүүгɵ багытталган тийиштүү чечимдер кабыл алынарына ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: