super.kg logo

Токмоктон каза болгон эки жашар Алиянын атасы: "Бажам кызымды сабап өлтүрүптүр, мага "таштын үстүнөн кулап каза болду" дешкен эле"

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 27-октябрда эки жашар наристе заара кылып койгону үчүн 39 жаштагы Мураш аттуу жарандын токмогунан каза болгон эле. Бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG'ге кыздын атасымын деген Медер Абдылда уулу байланышка чыгып, кызы катуу токмоктолуп каза болгонун айтты. Анын билдиришинче, келинчегинин ата-энеси ага кызы чоң таштын үстүнөн кулап түшүп каза болгонун айтышкан.

"Кызым ооруканада жатып көз жумганын 27-октябрь күнү түштөн кийин коңшумдан уктум. Ошол замат ооруканага барып, кызымдын бетинде көк ала тактар бар экенин көрдүм. Келинчегиме жолуга албай, ата-энесинен сурасам, "кызың чоң таштын үстүнөн кулап түштү" деп айтышты. Бажам сабап өлтүргөнүн айтышкан эмес. Чынында, кызымдын бетинин оң тарабында жана чекесинде көк ала так бар эле. Экспертизадан өткөрүп, наристени кыйнабай эле коюуну чечип, сөөгүн жерге берип койгонбуз. Кызымдын токмоктолуп каза болгонун кечинде силердин порталдан окуп калдым. Ошондуктан окуяны кайрадан териштирүүгө кириштим. Заара кылып койгону үчүн өлтүрүп салышканына ачууланып жатам. Кызым 2 жашка да толо элек болчу",- деди Абдылда уулу.

Кызы бажасынын үйүнө кандайча барып калганын да айтып берди. "Келинчегим Айчүрөк экөөбүз жакшынакай жашап жүрүп таарыныша кеткенбиз. Быйыл май айында улуу бажам менен кызымды сабаган Мураштын келинчеги үйдөн аялымды алып кетип калышкан. Ошол бойдон Мураштын үйүндө жашап жүрүшкөн. Бир канча жолу "кайра кел" деп айткам, бирок келбей койгон. Кызымды минтип өлтүрүп коюшарын билгенимде эчак эле алып келмек элем.

Эми өлтүрүп коюшканы аз келгенсип, кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бербей жатышат. Келинчегим да мени менен байланышпай качып жүрөт",- дейт кыздын атасы.

Эскерте кетсек, окуя 26-октябрь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда 39 жаштагы Өзгөн районунун тургуну балдызынын кызын заара кылып койгону үчүн аны тарбиялоо максатында сабаган. Андан кийин кыз Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келе албай 27-октябрда көз жумган. Дарыгерлер кыз башынан катуу жаракат алганын айтышкан эле.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
30.10.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Наристенин апасын да камаш керек,ажырашуунун арты менен ортодо балдарга эле кыйын. Жаны шайланган депутаттар,тез арада олум жазасын киргизгиле,баланы кандай олтурсо,канкорлорду да ошентип олтурсун.
ayjamal83 түзөттү 30.10.2015 14:34
30.10.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ayjamal83,oaaa en tura aitasyz baaryna apasy da kunoluu baikuw nariste jer kuchaktap jatat da ech nerseni korboi ketti on gulunon bir gulu achyla elek de
30.10.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми баары кеч. Окунгон менен,наристени кайрылып келбейт. Болгону,кайдыгерликтин курмандыгы болду.
30.10.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
biz juroobuz balaga jete albai
30.10.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ата-эне оз ара келише албай, ынтымакта жашай албай, уруш талаш боло берсе балдарына тиет экен...Кайын журтту жамандабай озуно да кой куноону, эмне учун бажа багыш керек сенин кызынды? Май айынан бери кабар алдынбы кызынан? Жаман кайын журтун бар экен, алып албай белен оз колуна канынан жаралган баланы?! согуштан кийин кол которуп неге чыгасын, оз баланды коргой албагандан кийин?! Тобо кылдым, бизге( ата-энелерге ыйман берсин, биздин ( ата-энелер) айыбыздан канчалаган балдар кордук коруп жатат...
Lili түзөттү 30.10.2015 14:24
30.10.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Lili, Барынар кыйын болуп дабдырайсынар. Турмуш кыйын. Биздин атаэнелер кыйынчылыка,жокчулука чыдап эле жашашкан. Куйосу не алып келсе ошого сабыр кылып жашаш керек эле. Россияда иштеп табабы тачка туртуп табабы. Азыркы келиндер копгон жалайык жуубай памперс менен багып, баланы да тосконду билбейт.
30.10.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-эне ажырашса балдарга эле кыйын болуп калат да.Эми ал дейбиз, бул дейбиз отту кетти кайра кайрып ала албайбыз.Ар бир уй-булодо дегеле кыргыз элинде, кыргыз жерибизде ынтымак болсунчу.Кичинекей болгон мамлекетибиз бузулбасынчы.
30.10.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озундо дагы куноо бар андай болсо жакшылап келишип аялы менен кызын бажасынын уйуно жургузуп койбой озуно алып келип албайт бел
30.10.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Lili сизге кошулам 100%
30.10.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
баланын баркын убагында билбеген сон эми окунгонундо не паида андаи кыиын болсон эчак издеп барып колуна албаит белен тируусундо .туштон кииин калп окунумуш болбои.кудаи да баланы балага зар болгонго берсе не каидагы ичкич келесоолорго бербеи.
30.10.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кебетеси эле айтып турат, кандай экенин. Бул эркек сорой, ХХХ менен дос. Олгондон кийин ата болуп чыга келгенин кор. Кайсы аял торкунуно же жездесинин торуно барып отургусу келсин, козун жалдыратып. Ушуга окшогон ХХХХ айынан канча бала кор, канча аял бактысыз болуп жатат. Бечара наристе жарк этип келип, жалп этип очтун. Убалын зоокур жездене, акылсыз атана тийсин.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-30 15:30:19
30.10.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nasi1981, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
30.10.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nasi1981, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-30 16:56:25
30.10.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bankir - эскертүү!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
31.10.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nasi1981, Бул адам менин соседим болот сиз билбей туруп бироону каралабаныз анткени келбет эч нерсени чечпейт бул адам укмуш адам аябагандай ак конул жакшы адам эмне кылсын коп ирет барды кой кайт уйго уят деп бирок тиги женеша ожорлугун койбоду.
31.10.2015. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.myrza.94, аа кечиресинер мен башкача ойлоп, ачуум менен каттуу кетипмин. Бул периште акылы тайкы, турмушка женил коз караш менен караган, женил ой жаштардын курмандыгы болду. Жездесиникине желпендеп жетип барды не болду, ач отурсанда, ток олтурсанда оз атасынын бешенесинде олтурса кызынын бешенесинен суйуп олтураар эле.
30.10.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урушуп калсан. Ошол оз уйундон катыныны кетиргиче озун кетип калбайсынбы? Эркек башын менен катынды бажандын уйундо жашатып коюп озун ХХХ ХХХ жатпай уйдо. Озунда журдунда балык уулап корунгон ар кимге асылып арам болуп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-30 15:31:14
30.10.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
TOMMYHILFIGER, этика нормаларын сактаңыз!
31.10.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TOMMYHILFIGER, Сен кандай ак..к адамсын балада айып жок анын кандай экенин аялынын кандай экенин мына биз айылдаштары билебиз балада куноо жок...
30.10.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бироого кор, бирооно зар бала.Менин туугандарым 8 жылдан бээри балалуу боло албай,кайрылбаган жерлери калбады.Бар акчанын баары даарыдармеке берип.Колдо бар алтын баркы жок болуп кээ бирлер барктабай олтуруп жатышат.
30.10.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы кайда баланын кандай мээрез эне.атасы эми билип олтурса кантип журогуно сактап журот экен
30.10.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы азыр больницада бир жак буту колу иштебей! Ал эми жезде сорой буга чейин соттолгон экен
30.10.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyz_girl,сен кайдан билесиң?колу буту иштебегенин?
30.10.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kyrgyz_girl, ХХХ ХХХ ХХХ... эненин... жездеси кызын уруп атса каякта журуптур? ХХХ ХХХ ХХХ... Бышырып коюптурбу жездесинин уйундо? Жаман эркекти жакшы кылган аял болот. ХХХ ХХХ ХХХ... Мына эми периштедей наристени олтуруп алды.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-30 17:00:17
30.10.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aselya-Maksatbekova - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
30.10.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушуга окшогон аялдар омур боюу торобой калса экен
30.10.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарына ата энеси куноолуу ортодо балдар жабыр тартып жатат ажырашуунун айынан
30.10.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жийиркенсен многоразовый подгузник кийгиз бир пачка тамекиден да арзан турат. Булганган чупурок жууса тазарат, олгон баланы тирилте албайсын
30.10.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Наристе деген кудайдын баасыз белеги да. Ал белекти асырап суйуп мээриминди тогуп чонойтуп алыш биздин милдетибиз.Олум жазасын киргизиш керек мыйзамга... Ошондо ушундай кылмыштар болбойт.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-30 17:05:10
30.10.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин женемдин айылдашы экен кыз
30.10.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyz_girl, женен кайактан болот
30.10.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aijan280389, мырзаке
30.10.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде атасынын куноосу бар экен "АТА" болсон аялынды алып кетишин керек болчу туштон кийин алып келмекмин дебестен
31.10.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-эненин кусуру балага тийет,алар бирге жашаса бул иш болбой калар эле.наристени алла таала деле ботон жерде кыйналганын коруп бейишке алып кетти.
04.11.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалаган наристелер зордук зомбулуктан коз жумду.Биздин закон чыгаруучу бийлик органдары, монатори жарыялап "Олум жазасын" алып койушкан качан депутаттардын кызын ошонтип олтургондо кайрадан киргизет ко дейм олум жазасын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: