Мамлекеттик салык кызматы коррупцияны жоюу үчүн жасаган иштерин атады
Мамлекеттик салык кызматы 2015-жылдын июль-сентябрь айларында системдүү коррупцияны жоюу боюнча 4 иш-чараны аткарды. Мекемеден 30-октябрда билдиришкендей, бул аралыкта нормативдик базага оңдоолор киргизилип, жумушту алдыга жылдыруу боюнча чаралар кабыл алынды.
"Биринчиси, жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоого алуу функциясынын Салык кызматына өткөрүлүшү. Жеке ишкерлерди жеке ишкер катары мамлекеттик катталуусу менен бирге салыктык каттоого алууну караган мыйзам кабыл алынды.
Экинчиси, чакан, орто ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар отчётторду, айрым төлөмдөрдү ай сайын эмес, квартал сайын берүүгө жана төлөөгө өтүштү. Үчүнчүсү, юридикалык жактарды каттоого алуу жана жоюу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Төртүнчүсү, камералык текшерүү жүргүзүлгөн учурда кошумча маалыматты талап кылуу укугу жокко чыгарылды",- деп айтылат маалыматта.


