Кыргыз мамлекетинде 9 айда миңден ашык этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасына келген этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүүнү улантууда. Министрликтен бүгүн, 30-октябрда билдиришкендей, быйыл 9 айда 1158 адамга кайрылман статусу берилди:
Жалал-Абад облусунда - 253;
Баткен облусунда - 242;
Чүй облусунда - 256;
Ош облусунда - 90;
Бишкек шаарында - 220;
Ош шаарында - 97.
Кыргыз мамлекетинде учурда 37 454 этникалык кыргыз жашап жатканы айтылды. Мунун 19 791и Өзбекстандан, 17 424ү Тажикстандан, 36сы Орусиядан, 71и Кытайдан, 29у башка өлкөлөрдөн көчүп келгендер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

