46 жаштагы жаранды 30 жолу бычак менен сайып өлтүргөн жаран эки айга камакка алынды
Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы "Строительная" дачасында 46 жаштагы жаранды 30 жолу бычак менен сайып өлтүргөн 31 жаштагы жаран соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 31-октябрда билдиришти.
Эскерте кетсек, окуя 21-октябрь күнү саат 07:00 чамасында Күн-Туу айылындагы "Строительная" дачасындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда Балыкчы шаарынын 46 жаштагы тургуну менен Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну ичимдик ичип отуруп, уруша кетишкен. Андан кийин ал ашкана бычагы менен шеригин бычактап салган. Окуя болгон жерден далил болчу буюмдар табылып, ошол эле күнү кылмышкер колго түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
-1

боштондука чыгып көнгөн адат даагы бирөөнү операция кылат.
сот болсо деле соттогон адамыңар силер атыңардан чай ичип койот экен иш жабылат.