super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Жон Керри менен кыргыз-америкалык мамилелердин учурдагы маселелерин талкуулады

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-октябрда кыргыз жерине бир күндүк иш сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америкалык мамилелердин актуалдуу маселелери жана түрдүү тармактарда мындан ары кызматташуунун перспективалары талкууланып, ошондой эле эл аралык кырдаалдын түйүндүү аспектилери боюнча пикир алышуу болду.

Президент Атамбаев Керрини кыргыз жергесинде кабыл алып, эки тараптуу кыргыз-америкалык мамилелердин учурдагы маселелерин талкуулоонун жакшы мүмкүнчүлүгүнө кубанычтуу экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Керри мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биздин сапарыбыз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди чыңдап, эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоого өбөлгө боло турган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз”,- деди Керри.

Ошондой эле ал президентти парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. “Шайлоо ачык жана калыс өткөрүлдү жана мыкты уюштурулган экен. Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилени 24 жылдан бери - Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка жетишкен күндөн тарта өнүктүрүп келе жатабыз жана демократиялык принциптерди колдойбуз”,- деди Керри.

Ошондой эле Атамбаевге АКШнын президенти Барак Обамадан салам айтып, анын жакшы каалоолорун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: