Коалициялык көпчүлүк түзүлдү, жаңы альянста КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс"




Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" парламенттик коалициялык көпчүлүгү түзүлдү.
Макулдашууга кол коюу иш-чарасына 4 фракциянын лидерлери: Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"), Канат Исаев ("Кыргызстан") жана Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") катышышты. Ал эми "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" оппозицияда калышат.
Коалициялык көпчүлүк тараптан өкмөт башчы кызматына Темир Сариев, парламенттин төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги сунушталган. Парламенттик жыйын 4-ноябрда өтүп, анда өкмөт башчыны жана Жогорку Кеңештин төрагасын дайындоо, өкмөттүн жана парламенттин түзүмү каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

