Бишкекте 36 жаштагы айым үч эмди жарык дүйнөгө алып келди

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкекте Шаардык перинаталдык борбордо 36 жаштагы айым Гүлзар Абдраева үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эне эки эркек баласын жана бир кызын операция жолу менен төрөдү. Кыздын салмагы - 2 килограмм 470 грамм, бою - 42 сантиметр, экинчи баланын салмагы - 2 килограмм 645 грамм, бою - 44 сантиметр, дагы бир эркек баланын салмагы - 2 килограмм 310 грамм, бою - 43 сантиметр. Эне менен ымыркайлардын ден соолуктарынын абалы канааттандырарлык. Учурда алар жандандыруу бөлүмүндө медициналык жардам алышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
10

Кудайым кыргыз элине ушу наристелер менен кошо тынчтыкты, ынтымакты, токчулукту берген болсун...
Кандай гана сонун жанылык
Омуру узун болсун эгиздердин.
Ушулар сыяктуу Кудайым мага да 3-4-5 эм берсе экен ылайым. Ушинтип супер-инфодон суйунчу айтат элем.
Бизгеда жуксун.
биз эгизбиз көз тийбесин бактылуу үйбүлөбүз.