super.kg logo

Балыкчы шаардык сотунун судьясына жана жеке жактоочуга карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберилди

 

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара талап кылуу" беренелери менен Балыкчы шаардык сотунун судьясына жана "пара алууга шериктеш болуу" беренеси боюнча жеке жактоочуга карата козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Учурда аталган кылмыш ишин кароо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнүн прокуратурадан билдиришти.

Белгилеп кетсек, ушул жылдын 16-июнунда аталган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу фактысы менен козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Б. аттуу Балыкчы шаардык сотунун судьясы О.Т. аттуу жарандан кылмыш иши боюнча аны эркиндигинен ажыратпоого байланышкан чечим чыгаруу үчүн 35 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган. 18-июнда прокуратура кызматкерлери УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 23 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган судьяны кармаган. Ошондой эле тергөө амалдарынын учурунда 3 миң сом өлчөмүндөгү атайын белги коюлган акча каражаты А.Н. аттуу адвокаттан да табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: