super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевге өлкө армиясынын согушка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү аракети тууралуу маалымат берилди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен жолугушуп, президентке өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттенишүүнүн тактыгына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи. Аскердик реформанын алкагында алчу жаңы функцияларына ылайык, Коргоо министрлигинин өзүнчө статусу болушу керектигин айтты.

"Президент өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоо армиянын согушка жөндөмдүүлүгүн реалдуу жогорулатууга, армияны заманбап, бардык чакырыктарга жооп бере ала тургандай кылууга багытталышы керектигин билдирди",- деп маалымдады президенттик аппараттын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: