Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүлгөнүн расмий жарыялады
Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк түзүлгөнүн расмий жарыялады. Турсунбеков сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында спикердин орун басарларын экиге, комитеттердин санын 14төн 9га кыскартуу чечимине келишкенин айтты. Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин санын кыскартуу боюнча да сүйлөшүү жүргөнүн кошумчалады.
Жаңы коалициялык көпчүлүк "Туруктуулук, ишеним жана Жогорку Кеңештеги жаңы мүмкүнчүлүктөр" деп аталат. Жаңы биримдиктин курамына 80 депутат кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

