Асылбек Жээнбеков: "Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратууга каршымын"

Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Асылбек Жээнбеков депутаттарды кол тийбестигинен ажыратууга каршы. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Мен депутаттарды кол тийбестиктен ажыратууга каршымын, анткени Жогорку Кеңеш ар дайым чыр-чатактардын аренасы болуп келген. Бул жерге өкмөт мүчөлөрү келип депутаттардын суроолоруна жооп беришет. Ошол учурда алар "Сыртка чыксам эмне кылып жиберет?.." деп коркпой, суроо берип, талап коё билиши керек. Эгерде кайсы бир депутат мыйзам бузуп, укук коргоо органдары аны жоопкерчиликке тартууну суранып парламентке келишсе, депутат аларга жооп бериши керек",- деди Жээнбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

