super.kg logo

Кыргыз элчилиги Малайзиянын борбор шаарына боз үй тартуулады

 
Кыргыз кол өнөрчүлөрү Малайзияда өткөн Эл аралык искусство, маданият жана ислам фестивалында кыргыздын маданиятын көрсөтүштү.
Фестивалда тигилген боз үйдү элчи Кылычбек Султанов менен Путраджая шаарынын жетекчилиги ачышты.
Андан соң кыргыз элчилиги Малайзиянын борбор шаарына боз үйдү белек катары тартуулады. Кыргыз боз үйү мындан ары Малайзиянын борборунун көркүн ачат.
Төлөсүн Бектемиров Малайзиядагы фестивалда боз үй тигүүгө жигердүү балдар жардам беришкенин айтты.
"Фестивалдын жүрүшүндө мыксыз, ар кандай жыгачтардан жашай турган үй тургузганыбызды көргөндөр таң калышты",- дейт Жамбы Карыбекова.
Төлөсүн Бектемиров: "Боз үйдүн ичине кирип суктанып, "Жатып көрсөм болобу?" деп сурагандар көп болду".
Малайзиядагы фестивалга коюлган кийизден жасалган буюмдар.
Жамбы Карыбекова: "Фестивалга келгендерге кийизден жасалган буюмдардын пайдалуу жактарын түшүндүрүүгө аракет кылдык".
Фестивалдын жүрүшүндө кыргыздын маданияты көрсөтүлдү.
Аруужан Алымкулованын этностилдеги кийимдер коллекциясынан көрүнүш.
Аруужан Алымкулованын этностилдеги кийимдер коллекциясынан көрүнүш.

Кыргыз кол өнөрчүлөрү 2015-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Малайзиянын Путраджая шаарында өткөн Эл аралык искусство, маданият жана ислам фестивалына катышып келишти. Ага Алжир, Кувейт, Тунис, Сауд Арабия, Оман, Кытай, Өзбекстан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн катышуучулар барышкан.

"Кыргыздын маданиятын көрсөтүү, жайылтуу, тажрыйба алмашуу максатында барып келдик" деген Кыргыз Республикасындагы Кол өнөрчүлөр кеңешинин жетекчиси Жамбы Карыбекова фестивалдан аябай таасирленгенин айтат.

"Мен башка улуттардын маданиятынан кандай сабак алсак болорун билүү үчүн катышып келдим. Бизде "кыргыз жери - бейиштин төрү, туу чокусу" деп айтып келишет эмеспи, ошол сыңары Малайзия мусулман өлкөлөрүнүн мыйзамдары сакталган өлкө экенин билдик. Малайзия эли динин, кийимин, өзүнө таандык маданиятын сактаарын, тазалык, тейлөө сапаты мыкты экенин көрө алдык.
Шырдагыбызга суктангандар көп болду. Фестивалга кийизден жасалган буюмдарды алып бардык. Катышуучуларга кийиз бир гана сууктан эмес, ысыктан, зыяндуу нурлардан сактаарын түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бул жердеги негизги көйгөй тил маселеси болду",-
деген Ж.Карыбекова фестивалга кол өнөрчүлөр өз каражаты менен барышканын кошумчалады.

"Бизде маданияттын түрү көп да. "Маданиятты көрсөтүп кел" деп ырчыларга кайрылсак, "каржылашса барабыз" деп коюшту. Кыл кыяк, комузда кол ойнотуп келишсе болмок. Биз деле өнөрдү жайылталы деген ниетте бардык. Өкмөттүн уюштуруп бербегени туура эмес. Маданият министрлиги ырчыларды, көркөм өнөрдү кошуп, 12 адамдан турган жамаатты жиберсе жакшы болмок да. Ар ким өзүн өзү каржылады, К.Султанов каржылаганы үчүн боз үй Малайзияга жеткирилди",- деп тийиштүү министрлик тарабынан колдоо болбогонуна кейиди.

Этностилдеги кийимдер коллекциясын алып барган дизайнер Аруужан Алымкулова фестивалда улуттук кийимдерди көрсөткөн. "Коллекция татаал болду. Мисалы, элечек орогонго убакыт тар болуп калды. Кийимдерди көргөзмөгө чыгарарда жабык кийинген модель кыздардын кийиминин үстүнөн кыргыздын улуттук кийимин кийгиздик. Көргөзмө бүткөндөн кийин атайын келип мактоо айткандар, суктангандар көп болду",- деген Аруужан Алымкулова Малайзияга барган кыргыз кол өнөрчүлөрү ошол жакта жүрүп бир үй-бүлөдөй болуп калганын айтат.

Иш-чарада Улуу Жибек жолунун тарыхы, маданияты, цивилизациясы чагылдырылган. Фестивалга катышкан өлкөлөрдөн бир гана кыргыз кол өнөрчүлөрү жашаган үйүн алып барып көрсөтүшкөн. Саамалыктын соңунда боз үй оюу түшүрүлгөн ички, сырткы жасалгалары, шырдак, кийиздери, чий эшиги менен кошо Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов тарабынан туристтик шаар аталган Путраджая шаарындагы музейге белекке берилген. Эми кыргыз боз үйү Малайзиянын борборунун көркүн ачат.

"75 ууктан турган беш канат боз үйдү бир жума мурун Малайзияга жибердик" деген уста Төлөсүн Бектемиров кыргыздын көөнөргүс мурасы болуп саналган үйүнө кызыгып, таң калгандар көп болгонун баса белгиледи.
"Фестивалга катышууну Маданият министрлиги уюштурушу керек эле. Катышуу үчүн өзүбүз чуркап жүрсөк, министрликтин атын жамынгандар келип "2 миң доллар берсең жардам берем. Боз үйдү бардык жасалгасы менен алып барып эмне кыласың?" деп жатышты",- дейт Т.Бектемиров.

Муундан муунга өткөн өнөрдү алып жүрүүчү уста, чебер-уздарды Малайзияга коштоп барган журналист Азамат Кыязов Эл аралык искусство, маданият жана ислам фестивалынын башкы максатына токтолуп өттү. "Бул фестивалга катышуу менен биз келечекке карай жол ача алдык. Мисалы, көп өлкөлөрдү чакырышкан экен. Ошол эле Казакстандын кол өнөрчүлөрү бара албай калышыптыр. Бизге ал жакта элчилик тараптан жакшы жардам болду",- деди.

Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн Малайзия өлкөсүнө болгон маданий сапары тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин №679-санынан окуп, видеорепортажды "СуперТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.






Кыргыз элчилиги Малайзиянын борбор шаарына боз үй тартуулады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
04.11.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боз уйдо эле жыргаап жашагым келип кетти
04.11.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы аззаматсынар.
04.11.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Съездбек искеналиев Ырчы байкебизден 5000сомго Боз уй алат окшойбуз
04.11.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен,кубанычтамын.
SUPER.KG видео
05.11.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда кубанып калдым көрүп, элчиликке чоң рахмат
Медиа-портал
05.11.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай чоң, кымбат белек тартууланыптыр, боз үйдү жасоонун түйшүгүн эске алганда... Аны күтүү, сактоо да көп жумушту, билгичтикти талап кылса керек, эми малайзиялыктар анын кадырына жетип алышса болду...
SUPER.KG видео
05.11.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кубанычтамын,малазиядагы кыргыз элчилигине чон ыраазычылык ошонун демилгеси менен кыргыздын каада салты коргозулуп жатат ишинизге ийгилик!!!
06.11.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малайзиянын элчиси бир топ алгылыктуу жумуштарды жасап жатат, башка элчилердин кылган жумушу деле анчейин билинбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: