ЭЛДИК КАБАР: Орусияда кыргыз жараны акча которуу үчүн мекендештеринен 2 миллион рубль чогултуп, дайынсыз жоголуп кетти






"1-ноябрда кыргыз жараны Эгемберди Иманбеков Орусиянын Ямало-Ненецк автономдук округунун Новый Уренгой шаарындагы ишканалардын биринде чогуу иштеген 50дөн ашык мекендешинен 2 миллион рубль чогултуп, Кыргыз Республикасына которуу үчүн банкка кеткен бойдон дайыны жок. Орусиянын прокуратурасына кайрылсак, Иманбеков 2-ноябрь күнү мекенине учуп кеткени белгилүү болду. Анын жашаган жери Талас облусунун Көк-Сай айылы, ал 25-26 жашта. Эгемберди Иманбековду көргөн-билгендер болсо, +79320542878 номери аркылуу кабарлап койсоңуздар",- дешет жабырлануучулар.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






сыйлаган адамыңарго,дейм баарыңар 2милион чогултуп берсеңер.
кимдир бирөөгө жардамга же кайрымдуулука деп топтодубу ошондой себеби барбы дейм.
же жөн эле акча котором берип тцргцла десе бердиби деймда!
Өз мекендештерине карасантайлык кылып сызга отургузуп кеткен неме,кармалса эмне деп жооп береер экен...