Бейбаштык боюнча айыпталган 1994-жылкы селки изделүүдө (фото)



Сокулук райондук милициясы Токталиева (Низамова) Каныкей Худайбердиевнаны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы селки 2013-жылдан тарта изделүүдө. Буга чейин ал Бишкек шаарында Матросов көчөсүндөгү турак жайлардын биринде жашаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча айыпталууда.
Эгер кылмышка шектүү жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 60-75-67, (03134) 5-33-80, (0554) 49-25-28, (0550) 88-87-24, (0703) 03-22-74 телефон номурлары аркылуу билдирүү керек. Купуялык кепилденет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Хижапты эле коруп калганынар ото кызык да. Арабызда атайын башка макстатта салынгандар да бар жоолукту. Чындыгын бир Аллах билет. Эмне куноо кылганын козубуз менен корбогондон кийиин курулай доомат кылуудан сак болсок. Балким актыр,таразага салып анан карасак.