Кувейтте Кыргыз Республикасынын жана Алжирдин элчилери жолугушуп, бир катар тармактар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым өкүлү Жусупбек Шарипов 3-ноябрда Кувейтеги Алжир Демократиялык Республикасынын элчиси Хамиси Арифаны кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу талкууланды. Эки тарап саясат, экономика, инвестицияларды тартуу, туризм, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну активдештирүүнү сүйлөшүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

