Казакстандын Кытай менен чектеш аймагында "Хоргос" базары ачылары менен "Дордой" базарынын доору бүтөрү айтылды



Казакстандын Кытай менен чектеш аймагында "Хоргос" базары ачылары менен Бишкектеги "Дордой" базарынын доору бүтөт. Мындай пикирди бүгүн, 5-ноябрда бизнес жана инвестиция темасы талкууланган тегерек столдун жүрүшүндө Инвестицияны тартуу агенттигинин директорунун орун басары Нурбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын биринчи жарымында "Дордойдогу" соода солгундап кетти.
"Дордойдо" жылдын экинчи жарымында деле абал жакшы жагына өзгөргөнү байкалбайт. Демек, соода тармагындагылар жаңы багыттарды издөөгө муктаж. ЕАЭБдин рыногунун жаңы шарттарына ыңгайлашуу максатында бизнести кеңейтүү же багытын өзгөртүү үчүн акча издеп жаткан чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү көп",- деди Максүтов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
1

Миласыга: озум Москванын базарында соода кылам опт и розниц.1 жыл алдын соода болбоду дегенде 50-60 000 руб.соода болчу эн кобу 150-200 000 ашык болчу 2015 жылдын башынан бери андай сооданы корбойда калдык 40-50 болсо суйунуп койуп отурабыз.5000руб буюмдар азыр 7000 руб болуп турат.
Кимдир бирөөлөрдү кадыр-баркына шек келтирген, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.