super.kg logo
  Саясат  

Парламенттеги бирдиктүү комитет Жогорку Кеңештин түзүмүн карап жатат

 

Бүгүн, 5-ноябрда парламентте түзүлгөн бирдиктүү комитет Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүүнү талкуулоодо. Депутаттар комитеттердин аталышын, аларда каралуучу маселелерди тактап жатышат. Комитеттердин курамын аныктоо, алардын төрагаларын жана орун басарларын шайлоо бүгүн саат 16:00дө болот.

Белгилүү болгондой, Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети менен Регламент жана депутаттык этика комитети, Билим берүү, илим, маданият, спорт комитети менен Социалдык саясат комитети, Коргоо жана коопсуздук комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитети бириктирилүүдө.

Комитеттерди төмөнкүдөй түзүү сунушталган:

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет;

- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет;

- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет;

- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

- Бюджет жана финансы боюнча комитет;

- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: