Асылбек Жээнбеков: "Жаңы шайланган өкмөт туруктуу иштеп, зарыл реформаларды ишке ашырган өкмөт болушун каалайбыз"

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-ноябрда өтүп жаткан жыйынында парламенттик көпчүлүк коалициясы тарабынан премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн Темир Сариев сунуш кылган өкмөттүн иш программасынын долбоору жактырылып, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамы аныкталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан өкмөт мүчөлөрүн ишенимге ээ болушу менен куттуктап, алардын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында даярдалган өкмөттүн программасын бекитип бердик. Өкмөттүн персоналдык курамы бул программаны ишке ашырууга жана дүйнөлүк каатчылыкка туруштук берүүгө жөндөмдүү болду деп ойлоймун. Ишти жаңыдан баштоого убакыт кетирбей, ыкчам кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк берүү максатында өкмөттүн түзүмү менен курамы кескин түрдө өзгөртүлгөн жок”,- деди Жээнбеков.
Ошондой эле ал өкмөт алдыдагы 5 жылды камтыган мезгилге алдын ала кам көрүшү зарылдыгын, ошондон улам тиешелүү программаны даярдоого тийиш экенин баса белгиледи. “Келечектеги чакырыктар менен тобокелчилектирди эске алганда, кийинчерээк өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү зарылчылыгы чыгат деп ойлойм. Өлкөбүздүн узак мөөнөткө туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган иш-чаралар азыртадан башталуусу зарыл. Депутаттар да бул жөнүндө айтышты, өкмөт ушуларды эске алууга тийиш”, - деп кошумчалады ал.
Төрага: “Мамлекетибиздин өнүгүшү, элибиздин бакубат жашоосу үчүн бардык күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар деп ишенемин. Жаңы шайланган өкмөт туруктуу иштеген, мамлекетибизге зарыл реформаларды ишке ашырган өкмөт болушун каалайбыз. Жалпы депутаттардын атынан сиздерге чоң ийгиликтерди каалаймын”,- деп жыйынтыктады сөзүн.
Белгилей кетсек, электрондук ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын 118 добушу менен сунуш кылынган өкмөттүн иш программасы бекитилип, жаңы түзүмү менен курамы аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.


