super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште депутаттарды бирден кеңешчи менен иштеп туруусун милдеттендирген токтом кабыл алынды

 

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы отурумунда депутаттарды бирден кеңешчи менен убактылуу иштеп туруусун милдеттендирген токтом кабыл алынды. Аталган токтом долбооруна каттоодон өткөн 110 депутаттын 109у "макул" деп добуш берди. Мындай сунушту жыйынга депутат Анвар Артыков алып чыкты. Анын билдиришинче, депутаттар ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн кеңешчилерин чакыра албай, иштөөдөн кыйналып жатышыптыр.

Андан кийин төрага Асылбек Жээнбеков депутаттардын артыкчылыктардан баш тартуусу боюнча демилгесин атайын комиссия карап чыгышы керектигин белгиледи. "Айрым депутаттар бирден кеңешчи алып, жардамчылардан баш тартабыз деп жатышат. Мына азыр убактылуу кеңешчи алып туруу боюнча токтомду кабыл алдык. Ошондой эле унаадан, батирден да баш тартуу тууралуу сунуштар бар. Биз алгач депутаттардын арасында атайын комиссия түзөлү, ал комиссия карап чыгып, парламентке алып чыксын. Анан ушул жерден добуш берүү аркылуу өзүңүздөр чечип аласыздар",- деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: