Парламентте өкмөттүн жаңы курамы ант берүү алдында турат

Бүгүн, 6-ноябрда өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант берет. Учурда депутаттар өз ишин баштап, өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземин жыйындын күн тартибине киргизишти. Ошондой эле премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алуу үчүн жалпы жыйын залына президент Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүп жатат. Мамлекет башчысы ант берүү аземинен кийин депутаттардын алдында сөз сүйлөйт.
Эскерте кетсек, өкмөт курамын кечээ Жогорку Кеңеш шайлап, ошол эле күнү аларды президент өз жарлыгы менен кызматка бекиткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

