Алмазбек Атамбаев: "Оппозициябыз" деп курулай кыйкырганды токтоткула"



Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-ноябрда парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алгандан кийин депутаттардын алдында сөз сүйлөөгө киришти. Президент парламенттеги коалициялык азчылыкка кирген фракцияларга кайрылып, курулай кыйкыра бергендин кереги жок экенин айтты.
"Мындан 6 жыл мурун оппозиция ат майдандарда гана митинг өткөрчү. Бүгүн оппозицияда толук мүмкүнчүлүк бар, Ак үй ичинде туруп да оппозиция боло аласыңар. Анан жөн эле "оппозициябыз" деп кыйкыра бергенди токтоткула. Андан көрө өкмөткө, мамлекетке жардам бергиле. Азыркы бара жаткан жолубуздан тайбашыбыз керек",- деди Атамбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

