super.kg logo
  Саясат  

"Кайран элибиз президенттик шайлоодо акчага алданса, кайрадан эле кыргыз элин кой катары көргөн президент келиши мүмкүн болуп турат" деди Алмазбек Атамбаев

 

"Кайран элибиз президенттик шайлоодо акчага алданса, кайрадан эле кыргыз элин кой катары көргөн, Кудайдан коркпогон президент келиши мүмкүн болуп турат",- деди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө. Анын билдиришинче, президенттин укуктарын азайтып, толугу менен парламенттик башкарууга өтүү керек.

"Мыйзам чыгаруу ишиндеги кемчиликтер өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасир берип, улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат. Мен буга билмексендик кылып койсом болмок, бирок бул нерсе мамлекеттин алдыга жылуусуна тоскоолдук кылууда. Ошондуктан мен жазында үч фракциянын лидерин чакырып алып, Конституцияга өзгөтүүлөрдү киргизүүнү колдогон болчумун. Эл парламенттик башкаруу мамлекетибизге туура келе турганына ынынды. Иш жүзүндө бир бутубуз менен парламенттик, экинчи бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Ошондуктан толук бойдон парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болот.

Парламенттик шайлоодо айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзамды бузбаганы менен, Конституциядан жылчык таап, буйтап өтүштү. Андай жигиттер бизде аз эмес экен. Аларга Конституция туруштук бере албайт, анткени Конституциянын өзүндө карама-каршылыктар болуп жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш бул нерсени кылдат карап, элдин талкуусуна коюшу керек. Эл ынанса, колдоп берет, себеби президенттик шайлоого чейин бир жарым жыл гана убакыт калды"
,- деди Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: