Депутаттар вице-спикерликке талапкерлерге жашыруун түрдө добуш берип жатышат

Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басарлыгына үч талапкер ат салышууда. Учурда депутаттар талапкерлерге жашыруун түрдө добуш берүүгө өтүштү. Добуштар берилген соң эсептөө комиссиясы жыйынтыгын чыгарып, жалпы эл өкүлдөрүнө ким канча добуш алганын айтат.
Төрага орун басарлыгына коалициялык көпчүлүктөн Нурбек Алимбеков, "Бир бол" фракциясынан Бакыт Эсенбаева, "Республика-Ата Журттан" Максат Сабировдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

