super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарына юридикалык маселелер боюнча семинар өткөрүлдү

 

Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында айылдык кеңештердин төрагаларынын жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары үчүн семинар өткөрүштү. Семинарда талкууланган темалар: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби", "Айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан
ченемдик-укуктук актыларды каттоо тартиби", "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү жол-жобосу", "Айылдык кеңештердин токтомдорун Ченемдик-укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү тартиби".

"Катышуучулар тарабынан айылдык жана шаардык кеңештердин токтомдоруна юридикалык күч берүү, айрым нотариалдык аракеттерди жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын ыйгарым укуктары жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнүн шарттары тууралуу кеңири талкуу болду",- деп билдирет Юстиция министрлиги.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: