super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Салык төккөндөрдү колдоп, төкпөгөндөрдү катуу жазалаш керек"

 

Өкмөттө бүгүн, 9-ноябрда республикалык бюджеттин аткарылышы жана ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган жыйын өттү. Премьер-министр Темир Сариев учурдагы дүйнөлүк кризистин шартында мамлекеттик тиешелүү органдар ишти күчөтүп, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча салык, бажы төлөмдөрүн чогултууну жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

“Президент жана өкмөт убада кылгандай, кыргыз өлкөсүн бизнес үчүн "бейишке” айландырып, бардык шартты түзүп берүүгө аракет жасалууда. Бул багытта текшерүүлөрдү азайтып, бюрократиялык убаракерчиликтерди жок кылуу, электрондук отчёт жүргүзүүгө өтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ким салыкты төлөбөсө, мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, ага карата катуу чаралар көрүлүшү керек.

Биз “ким салыкты толук төлөп, мыйзамды аткарса, колдоого ээ болот, төлөбөсө тиешелүү чаралар көрүлөт” деген негизде иш алып барышыбыз керек. Бул боюнча мамлекеттик органдар терең анализденген иш жүргүзүп, ак ниет, жоопкерчиликтүү ишкерлерге жардам көрсөтүп, ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн талапты аткарбагандарга тиешелүү чараларды көрүү зарыл”,- деди Сариев.

Өкмөт башчы дүйнөдөгү экономикалык кризистин шартында өкмөт ыкчам жана терең анализденген антикризистик чараларды көрүшү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: