Спикер Асылбек Жээнбеков Курман айт майрамы менен куттуктайт
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков келе жаткан Курман айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктайт. Ал өз куттуктоо кагазында: "Курман айт баарыбыздын башыбызды кошуп, ынтымак, ырашкерликте жашоо менен, бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк
болууга чакырат. Курман айттагы курмандык чалуу, өткөндөрдү эскерип, тирүүлөргө
жакшылык багыштоо мааниси ушунда турат.
Айтыңыздар маарек болсун! Ылайым бири-бирибизге
кайрымдуу, карамдуу, ыймандуу журт бололу",- деп жазат.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

