super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Илимге жаш, таланттуу күчтөрдүн келиши үчүн шарт түзүү зарыл"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн илимий кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Президенттик аппараттан 10-ноябрда билдиришкендей, куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу окумуштуулар жана илимий ишмерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын илим күнү менен куттуктайм! Илим бардык мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүнүн зарыл фактору - адамдык капиталды түзүүдө зор мааниге ээ.

Кыргыз мамлекетинин шартында бардык илимий күчтөрдү артыкчылыктуу багыттарга бириктирүү зарыл. Илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун заманбап механизмдерин ишке киргизип, илимий чөйрөдө атаандаштык кырдаалды түзүү керек. Изилдөөлөргө материалдык жактан өбөлгө түзүүнүн ийкемдүү формаларын киргизүү абзел. Илимпоздордун коомубуздагы аброюн арттыруу саясатын так жүргүзүп, илимге жаш, таланттуу күчтөрдүн келиши үчүн шарт түзүү, илимдин өндүрүш менен байланышын чыңдоо – биздин максатыбыз.

Биз жаңы бийиктиктерге жана эл аралык деңгээлдеги илимий жетишкендиктерге умтулуп, дүйнөлүк илим-билим системине интеграцияланышыбыз керек. Азыр биздин экономикабыз тушугуп жаткан атаандаштыктын глобалдык чакырыктары биринчи кезекте өлкөбүздүн илимий потенциалынын алдына чоң жана кечиктирилгис милдеттерди коюуда.

Кыргыз Республикасынын илимпоздору муундар ортосундагы байланышты жана илимий салттарды улантып, өздөрүнүн бардык чыгармачылык дареметин өлкөбүздүн жана элибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылууга жумшайт деп ишенем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекетибиздин жаркын келечегине арналган илимий ишмердигиңиздерге ийгиликтерди каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: