Өмүрбек Бабанов депутаттык артыкчылыктардан баш тартууну тездетүүнү сунуш кылды
Депутат Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу маселесин тездетүүнү сунуштап чыкты. Депутат бир-эки күндүн ичинде жумушчу топ түзүп, кийинки аптада чечим кабыл алуу керектигин белгиледи. "Батирден, кызматтык унаадан, жардамчыдан жана башка артыкчылыктардан баш тартуу боюнча жумушчу топ түзөлүк. Жумушчу топ долбоорду кийинки аптада жалпы отурумга алып чыкканга чейин фракциялар карап чыгышсын, анан чечим кабыл алабыз",- деди ал.
Андан кийин Ош аэропортундагы коопсуздук маселесин көтөрдү. "Азыр көрүп жатасыздар, Орусиянын Египетте кыйраган учагы боюнча. Мындай болуудан Кудай сактасын, бирок Ош аэропортундагы коопсуздук маселесин карашыбыз керек. Ушул аэропорттон учууда коопсуздук үчүн көп кыжалат болом",- деди Бабанов.


