super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагаларынын орун басарларын шайлоо боюнча бир чечимге келе алган жок

 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагаларынын орун басарларын шайлоо боюнча бир чечимге келе алган жок. Бул тууралуу аталган комитеттин төрайымы Галина Скрипкина парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.

Депутат бул маселени жалпы фракция жетекчилери менен бирге макулдашып, анан чечим кабыл алуу керек болгонун белгиледи. "Комитет бир сааттан ашык убакыт талкуулап, бирок оппозициялык фракциялардын лидерлери менен кайчы пикирлер жаралып, маселени жалпы фракция жетекчилери менен бирге чечүү керек болду. Анткени оппозициялык фракциялардын мүчөлөрү комитет төрагаларынын бирден орун басары азчылыктан болушу керектигин сунушташууда",- деди ал.

Учурда төрага Асылбек Жээнбеков фракция жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: