Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп Адамкул Жунусов дайындалды
Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Адамкул Жунусов мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Буйрукка 11-ноябрда кол коюлганын өкмөттөн билдиришти.
Жунусов аталган органды 2013-жылдын июлунан бери жетектеп келген. Жакында өкмөт отставкага кеткен учурда мекеменин башчысынын милдетин аткарып турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

