Тынчтыкбек Шайназаров: "Айылдагы жаштардын көкүрөгүндө патриоттук сезим жок, гимн ырдалып жатканда ордунан туруп коюуга жарашпайт"
Депутат Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште айыл жергесиндеги жаштардын бүгүнкү абалына токтолду. Депутат жаштар КРнын Мамлекеттик гимни ырдалып жатканда ордунан туруп коюуга жарабай жатканына нааразы болду. "Көпчүлүк жаштар гимн ырдалып жатканда ордунан туруп коюуга жарашпайт экен. Муну шайлоо учурунда эл менен жолугушууда байкадык. Жүрөктөрүндө патриоттук сезими жок, коркунучтуу сезимдер пайда болгон. Учурда терроризм күчөп жаткандыктан, алар ошол багытка көп көңүл буруп жатышат. Ошондуктан өкмөт жаштарды мындай жолдон кайтаруу үчүн идеологияны иштеп чыгышы керек",- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

