"Республика-Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагаларынын орун басарлыгына талапкер сунуштоодон баш тартты

"Республика-Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагаларынын орун басарлыгына талапкер сунуштоодон баш тартты. Фракциянын мындай чечимин Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы отурумунда депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Анын билдиришинче, "Республика-Ата Журт" фракциясы коалициялык көпчүлүк бийликти толугу менен колго алуусун кубаттайт.
"Жалпы 9 комитетке бирден талапкер сунуштоо керек эле, бирок "Бир бол" фракциясы менен бизге төрт комитет берилиптир. Ага ылайык, комитет төрагасынын орун басарлыгына биз эки талапкер сунуштамакпыз, бирок бүгүн фракция талапкер сунуштоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. Ошондуктан биз ал орундарды коалициялык көпчүлүк алып, бийликти толугу менен колго алуусун каалайбыз",- деди Бокоев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

