super.kg logo
  Саясат  

Быйыл 6 айда ишкерлерди текшерүү 15 пайызга азайганы айтылды

 

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын 6 айында ишкерлерди текшерүүлөрдүн саны 1513кө же 15 пайызга кыскарды. Экономика жана өнөр жай министринин орун басары Данияр Иманалиевдин билдиришинче, текшерүүлөрдүн көбү Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция, Социалдык фонд, Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Экологиялык-техникалык инспекцияга туура келет.

Иманалиев текшерүүчү мамлекеттик органдар текшерүүнү көбөйтүп, көбүрөөк айып пул салууну максат кылбай, тескерисинче, инспекторлор ишкерлер менен тыгыз өнөктөштүктө иштешип, мыйзамдын нормаларын сактоодо аларга кеп-кеңеш берип турушу керектигин айтат.

"Текшерип-көзөмөлдөөчү функция өлкөдө мыйзамдын талаптарынын бузулушуна жол бербөө экенин түшүнүшү керек. Башкача айтканда, бизнес - мамлекеттин өнөктөшү. Мамлекет мыйзам бузууларды кеп-кеңеш берүү жана диалог менен жоюшу зарыл",- дейт министрлик өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: