super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы Ысык-Көл облусунун сотторунда болду

 

12-ноябрда Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Нарын облусундагы иш сапарын аяктап, Ысык-Көл облусун барып, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Түп райондук сотторунда, Каракол жана Балыкчы шаардык сотторунда, Ысык-Көл облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунда, Ысык-Көл облустук сотунда болду.

Мекеменин басма сөз кызматынан 13-ноябрда билдиришкендей, төрайым соттордо Мамлекеттик максаттуу программанын иш жүзүндө жүргүзүлүшүн, сотко кайрылган жарандардын укуктарынын сакталгандыгын көзөмөлгө алды. Ысык-Көл облусундагы райондук соттордун оңдоп-түзөө, интернет жана башка көйгөйлөрүн өз көзү менен көрдү. Иш сапардын жүрүшүндө төрайым сот аткаруучулар менен да жолугушуп, соттун чечимдери өз убагында аткарылышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Токбаеванын Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна болгон кайрылуусунда калктын сотторго болгон ишенимин арттыруу үчүн адилет чечимдерди чыгарып, коррупцияга малынбастан, таза иштеп, кызматтарын так аткаруусу керектиги айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: