"Тамашоу". Кыздарды кетмен менен чаап, Аяна Касымовага сүрөтүн берген "Позитифф" командасы 1-орунду алды

























Бүгүн, 14-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 8-сезонунун жарым чейрек финалы өттү. Командалар "Биатлон" жана "Фристайл" сынагында өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анда кыздарды кетмен менен чаап, Аяна Касымовага сүрөтүн берген "Позитифф" командасы 1-орунду алды. 2-орунга "Универсал" жана "Кыргыз двор" командалары татыктуу болушту. Ал эми 3-орунду “National” курама командасы ээледи.
Айта кетсек, бүгүнкү оюнда “Позитифф”, “Ассорти”, “Универсал”, “НКБ”, “National”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Рота”, "Порыв ветра", “Brooklyn”, "Ала-Тоо" командалары күч сынашты. Ал эми эстрада ырчысы Урмат Усенов, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков, ырчы Айбек Замиров, ырчы Аяна Касымова, спортчу Улан Эралиев "тамашоучулардын" куйкум тамашаларына баа беришти.


Тамаша 10 күн БАН деп салбасын
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.