super.kg logo
  Саясат  

Франция "Ислам мамлекетинин" колундагы Ракка шаарына 20 бомба таштады

 

Франциянын Аскердик аба күчтөрү "Ислам мамлекети" уюмунун колунда болгон Сириянын Ракка шаарын массалык бомбалоону ишке ашырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, франциялык аскердик учактар аталган шаарга 20 бомба таштады. "Бомбалоодон "Ислам мамлекетинин" башкаруу пункту жок кылынды. Бул жерде куралдар сакталган жана жаңы аскерлер кабыл алынган. Экинчи жок кылынган объект - можахеддердин машыгуучу жайы"- деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 13-ноябрда Парижде бир катар террордук акттар болгон. "Стад де Франс" стадионунда террорчулар өздөрүн жардырып жиберишкен. Ондогон адамдар борбордук көчөлөрдө, кафелерде октон каза болушса, "Батаклан" концерттик залындагы көрүүчүлөрдү да куралчан террорчулар атып салышкан. Франциянын борбор шаарындагы теракттар боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган.

Акыркы расмий маалыматка таянсак, 129 адам каза болуп, 352 адам жаракат алган. КРнын Тышкы иштер министрлиги каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: