super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо турунда футболчуларыбыз 2-беттешинде Ооганстан менен да тең ойношту

 

Кыргыз футболчулары Худжанд шаарында (Тажикстан) Азия чемпиондугунун тандоо турунда экинчи беттешин өткөрүштү. Анда курамабыз Ооганстан менен кез келип, 2:2 эсебинде тең ойноду. Кыргыз футболчуларынан голдорду Максат Алимов жана Эмил Канетов киргизди.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеш эрте башталып, кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде утуп жатканда оюн токтотулган. Себеби оюн өтүп жаткан жайдын чатырынан суу тамып, оюн 5 саатка жылдырылган. 5 сааттан кийинки оюнда ооганстандыктар эсепти теңешти. Кыргыз футболчулары кайрадан эсеп катыштыгында алдыга чыгышканы менен, оюндун акырында ооганстандыктар кайра эсепке теңчилик алып келишти. Беттеш жыйынтыгы 2:2, командалар бирден упайга ээ болушту.

2-турда үй ээси Тажикстан курамасы Түркмөнстан менен кез келип, анда 3:3 эсеби катталды. 3-тур башталар алдында бардык командалар Азия чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн сактап турушат. Азия чемпиондугуна алдынкы 2 орунду ээлеген командалар чыкмакчы.

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

Тажикстан

2

4

2

Түркмөнстан

2

2

3

Кыргыз Республикасы

2

2

4

Ооганстан

2

1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.11.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуларды уталбадынарбы уят
16.11.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын командасы Тажиктерди 8:1 эсебинде утту эле го.
16.11.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziret-92, сен тушундо коргон окшойсун)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: