super.kg logo
  Саясат  

Айылдарды инвестициялоо боюнча ратификациялык мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо тапты

 

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин алгачкы жыйыны болду. Комитеттин кароосуна коюлган "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө" макулдашууну (Айыл инвестицияларынын 3-долбоору) ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Депутаттарга мыйзам долбоору боюнча каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков маалымат берди.

Айыл инвестицияларынын 3-долбоору 2014-жылы турмушка ашырылган мурдагы долбоорлордун уландысы. Долбоордун максаты айыл аймактарында биргелешип өнүгүү, социалдык жана экономикалык инфраструктуралардын сапаттуу объектилерин куруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өнүктүрүү менен жакырчылыктан арылуу болуп саналат.

Долбоордун жалпы суммасы 12 миллион доллар (6,6 миллион доллары – насыя, 5,4 миллион доллары - грант). Насыя 38 жылга, анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөк менен берилет. Долбоор потенциалды өнүктүрүү (2,2 миллион доллар), айылдык инвестициялар (8,6 миллион доллар), долбоорлорду башкаруу (1,2 миллион доллар) болуп 3 компоненттен турат. Долбоор төрт облусту – Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыйт.

Талкууда комитет мүчөлөрү долбоордогу 3 компонентке каралган каражаттардын максаттуулугун тактап, насыя бөлүгүнүн кайтаруу жагдайларын белгилешти. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров айыл инвестициялары компоненти боюнча каржылоого кайсы объектти куруу же оңдоп-түзөө маселелерин айыл эли өзү тандаарын билдирип, бул аймактарды өнүктүрүүдө мааниси чоң ратификациялык мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: