super.kg logo

Нурлан Насип концертинде апасынын бутуна чөгөлөсө, Кайрат Нуртас пиджагын чечип, күйөрмандарынын үстүнө ыргытып жиберди (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарынын Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын үч жолку ээси Нурлан Насип боордош казак элинин атактуу ырчысы Кайрат Нуртас менен биргеликте достук концертин берди. Спорт Ордосунун концерттик залы 100 пайыз ырчылардын күйөрмандарына толуп, концерт жогорку деңгээлде өттү.

Экөө 15-20дан хит ырларын жандуу үн менен ырдашты. Ошондой эле Нуртас Нурландын Казакстанда ырдап жүргөн ырларын экөө биргеликте ырдап чыгышты. Өз учурунда “тамашоучу” Самат Эркинбеков Кайратты сахнадан узатпай туруп тамашага салды. Саматтын “Кыргыз ырчыларынын ырларын эмнеге чек арадан кыйналбай алып өтүп кетесиң?” деген суроосуна: "Мен жөнөкөй ырчылардын ырларын албайм, Нурландай болгон кыргыз азаматтарынын ырларын өздөрүнөн сурап алып ырдайм. Мен деле “эгерде ырдайм десеңер, менин ырларымды алып ырдагыла” деп жүрөм”,- деп жооп берди.

Андан кийин Нуртас сахнада ырдап жатып үстүндөгү пиджагын чечип, күйөрмандарынын үстүнө ыргытып жиберди. Пиджакты кармап калган жигит аны Нуртаска кайтарып берүүгө аракет кылды эле, бирок ал “белекке бердим, албайм” деп койду. Ал эми Нурлан Насип апасын сахнага чакырып бутуна чөгөлөп, ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин апасы жалпы элдин алдында Нурланга бата берип, концерт жыйынтыкталды. Кечени “тамашоучулар” Самат Эркинбеков жана Эмил Эсеналиев алып барды.

Белгилей кетсек, бул концерт 17-ноябрда да өтөт.






Нурлан Насипти чөгөлөткөн, Кайрат Нуртасты чечинткен достук концерт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(83)
17.11.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо супперрр!!!
17.11.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонунгоо жакшы денгээлде өтүп жатыптыр
17.11.2015. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаль что я не в Кыргызстане
17.11.2015. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель Кадырбекова дагы ырдадывы концертинде айтып койгулачы?
17.11.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiturgasha, жок келбеди.Сайкал менен гана дуэт ырдады.
17.11.2015. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жылтыратып ал кастюмду ким киет ? Же кызыккандар көпбү ?
17.11.2015. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертти корбой эле телефонго тартып олтурат го баары
17.11.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Moon89, азыр баары оператор болуп алдыыго хахахаха
17.11.2015. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Нурлан чыныгы артист экен да. Апасына уйундо деле ыраазычылык айтса болот го. Элдин козунчо спектакль койбойт. Ийгилик
17.11.2015. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
uragan007, Самара Каримовадан уйронуп жатышат.Булар артисттер да билбейсинби?
17.11.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Апана уйундо деле ыразычылык айта бер элге жарыя кылбай.
17.11.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар!!! Кызык канча сомго билет кымбаттады екен, шордуу студенттер бугун жыргайт екенда.
17.11.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бугун концертке эмне кийип чыгат экен кайрат.))))*Аябай берилип кеткен го.Нурлан апасын неудобный положенияга калтырыптыр дда.
17.11.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билет баасы 2 миң сомго чейин чыкты. Тилекке каршы, анча акчаны коротууну туура деп эсептеген жокмун, бирок Кайратты көрсөм жыргайт элем. Эхх...
17.11.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
salt56, Кайрат эмне кадимкидей эле адам экен, жакындан кордук. Чыныгы казактын жылдыздуу жигити...
17.11.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызык апасына уйдо эле айтса болмок ыраазычылыгын.Бизде салтка айландырып алышты а ушуну.
17.11.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Үйдө убакыты жок болсо керекта
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: